М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№27-1

23.10.2020

Он Эки Бел айылдык кенешинин жер аянтарына

 менчик укуктарды берүү , жер аянттарын конкурс,

 түз жана аукцион жолу менен сатуу , ижарага берүү

 боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын 2020-жылдын

 8-сентябрындагы отурумунун № 2 протоколун

 бекитип берүү жөнүндө

2.

№27-2

23.10.2020

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн Он Эки Бел айылынын

 тургуну Муратов Акжолдун арызы тууралуу

3.

№27-3

23.10.2020

"Он Эки Бел айылдык кеңешинин 26-декабрь

 2019-жылда бекитилген № 20-2 токтомунун 2-

 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№27-1

23.10.2020

 

Он Эки Бел айылдык кенешинин жер аянтарына

 менчик укуктарды берүү , жер аянттарын конкурс,

 түз жана аукцион жолу менен сатуу , ижарага берүү

 боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын 2020-жылдын

 8-сентябрындагы отурумунун № 2 протоколун

 бекитип берүү жөнүндө

 Он Эки Бел айылдык кенешинин жер аянттарына менчик укуктарды берүү , жер аянттарын конкур түз жана аукцион жолу менен сатуу , ижарага берүү боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын 2020-жылдын 8-сентябрындагы отурумунда каралган Он Эки Бел айыл аймагындагы Нарай айылынын Абшыр-Сай жана Сапарбаев 2 каналынын ортосундагы айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарбасына ынгайсыз , таштак ,бош жаткан жер аянтарына элдер өз алдынча таштандыларды таштап жаткандыгына байланыштуу , аларды токтотуу жана ал жер аянтына өз каражатынын эсебинен күнөскана жана мал кармоочу жай курууга убактылуу узак мөөнөткө ижарага ажыратып берүү үчүн айыл өкмөтүнүн Нарай айылынын тургуну Нурдинов Алтынбек Абдилакимовичке макулдук берүү боюнча № 2 протоколун карап чыгып жана айыл аймагындагы муниципалдык жер аянттарын өз багытында пайдалануу жана калкты азык түлүк менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде Он Эки Бел айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Он Эки Бел айылдык кенешинин жер аянттарына менчик укуктарды берүү , жер аянттарын конкурс , түз жана аукцион жолу менен сатуу , ижарага берүү боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын 2020-жылдын 8- сентябрындагы отурумунун № 2 протоколу бекитилсин.

2.         Он Эки Бел айыл аймагындагы Нарай айылынын Абшыр-Сай жана Сапарбаев 2 каналынын ортосундагы айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарбасына ынгайсыз , таштак, бош жаткан жер аянттарына элдер өз алдынча таштандыларды таштап жаткандыгына байланыштуу , аларды токтотуу жана ал жер аянтына өз каражатынын эсебинен күнөскана жана мал кармоочу жай курууга убактылуу узак мөөнөткө ижарага ажыратып берүү үчүн айыл өкмөтүнүн Нарай айылынын тургуну Нурдинов Алтынбек Абдилакимовичке келишимдин негизинде 10 (он ) жылдык мөөнөткө 0,30 га жер аянты, жылына 1000(мин) сом дон ижара акы берүү үчүн макулдук берилсин

3.         Ажыратылып берүүчү жер аянттарын чек араларын тактап күнөскана жана мал кармоочу жай куруу үчүн керектүү болгон юридикалык документтерди даярдап

 

 

берүү жагы Ноокат райондук шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын

4.         Токтомду аткарууга алуу жана жер ээси менен келишим түзүү жагы Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

5.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                     

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№27-2

23.10.2020

 

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн Он Эки Бел айылынын

 тургуну Муратов Акжолдун арызы тууралуу

 Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн Он Эки Бел айылынын тургуну Муратов Акжолдун карамагындагы Он Эки бел айылында жайгашкан 3537.00 чарчы метр тураак-жай багытындагы жер участогуна болгон жеке менчин укугу жөнүндө 2020-жыл 15-октябрында № 2020/20258 катталган сериясы Ч № 939162 номериндеги мамлекеттик актысын алган.

 Жогорудагы тастыктоочу документтерде жер аянтынын максаттуу багыты турак-жай джеп көрсөтүлгөн. Жер аянтынын максатуу багытын автозаправка куруу максатында Муратов Акжол айылдык кеңешине берген арызын карап чыгып жана талкуулап жер ээсинин арызынын жана муктаждыгына ылайык бул жер участогун максаттуу багытын автозаправка куруу үчүн мыйзам чегинде өзгөртүү боюнча жогорудагы жеке менчик жөнүндөгү тастыктоочу документтеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы " Кыргыз Респкбликасынын жер кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү № 46 мыйзамынын беренесине Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 44-беренесине ылайык Он Эки Бел айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн Он Эки Бел айылынын тургуну Муратов Акжолдун арызы канаатандырылсын.

2. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн Он Эки Бел айылынын тургуну Муратов Акжолдун карамагындагы Он Эки Бел айылында жайгашкан 3537.00 чарчы метр турак-жай багытындагы жер участогуна автозаправка куруу үчүн өзгөртүүгө макулдук берилсин.

3. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн Он Эки Бел айылынын тургуну Муратов Акжолдун карамагындагы Он Эки Бел айылында жайгашкан 3537.00 чарчы метр жеке менчигиндеги жер аянтынын чек араларын тактап керектүү болгон юридикалык документтерди даярдап беруу жагы Ноокат райондук шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан жана Ноокат суралсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына тапшырылсын.

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                     

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№27-3

23.10.2020

 

"Он Эки Бел айылдык кеңешинин 26-декабрь

 2019-жылда бекитилген № 20-2 токтомунун 2-

 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

 Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Парманованын 2020-жылдын март айынан баштап короновирус илдетине байланыштуу айыл аймагындагы балдар бакчаларынын ишмердүүлүгү убактылуу токтоп калгандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттары угуп чыгышын төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. Он Эки Бел айылдык кеңешинин 26-декабрь 2019-жылда бекитилген № 20-2 токтомунун 2-тиркемесине өзгөртүүлөр киргизилсин. (тиркеме тиркелет)

 2. Финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу , сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан аткарууга алынсын.

 3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын

Он Эки Бел айылдык Кенешинин " Экономика , бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча " туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                     

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад