М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№28-1

24.12.2020

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысы

 К.Турсункуловдун 2020 -жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету, 2021 -жылга карата милдеттери тууралуу

2.

№28-2

24.12.2020

"Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы , 2021 -жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин жана 2022-2023- жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө

3.

№28-3

24.12.2020

 Айыл аймагындагы физикалык  тараптарадан алынуучу жер салыгынан  женилдик берүү жана кожолуктардан  алынуучу өз ара салыктын өлчөмүн

 бекитип берүү жөнүндө

4.

№28-4

24.12.2020

 Он Эки Бел айыл аймагындагы Он Эки Бел

 жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жыл

 ичинде аткарган иштери жана 2021-жылга

 бюджетин бекитип берүү жөнүндө

5.

№28-5

24.12.2020

 Он Эки Бел айыл аймагынын Нарай айылынын

 тургуну Жалалов Сапарбекдин арызы жөнүндө

6.

№28-6

24.12.2020

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга

 социалдык -экономикалык өнүгүү

 программасына киргизилген Он Эки бел

 айылына кичи фудболдук аянтча куруу боюнча

 долбоорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы

 үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№28-1

24.12.2020

 

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысы

 К.Турсункуловдун 2020 -жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету, 2021 -жылга карата милдеттери тууралуу

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турсункулов Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 46-беренесинин 3 пунктун жана 50-беренесинин 2 пунктун аткарууга алуу боюнча 2020 -жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчетун Он Эки Бел айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турсункуловдун 2020-жылда аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын .

2.         Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга кабыл алынган иш-чаралардын негизинде иш алып баруу жана айылдык кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сын-сунуштарды негизинде иш-чара түзүп аны аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турсункуловго милдеттендирилсин .

3.         Токтомдун аткарылышы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                     

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№28-2

24.12.2020

 

"Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы , 2021 -жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин жана 2022-2023- жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө

 Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2019-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы, 2021-жылга каралган айыл өкмөтүнүн жана 2022-2023-жылдарга болжолун бекитуу жөнүндөгү маселени " Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү " Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелуу мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Он Эки Бел айылдык кенешинин " Экономика, бюджет, соода жана ишкердуулук " боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган . Кыргыз Республикасынын " Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана жергиликтуу мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү " Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Он Эки Бел айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1. 2021-жылга Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 9990.0 сом өлчөмүндө бекитилсин .

2.         2021-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин тузүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.

Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2021-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде , ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегеруу , тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.         Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2022-2023 -жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын .

Кирешенин болжолу 2022-жылга 10790.5 сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 3487.9 сом менен) жана 2023 -жылга 10929,1 сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 3485,4 сом менен) белгиленсин.

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын , аларды ар бир конкреттуу мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары , мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын .

5.         Атайын каражаттар казыналыктан тышкары ( бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын " Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү " Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюулары эскертилсин

6.         Айыл айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу: *

-           Ушул токтомдун 1- беренесинде бекитилген суммалардын чегинде , эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизуугө:

ченемдик укуктук актыларды өзгөртүүсүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө:

киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо:

 7.2020-жылга айылдык бюджеттин киреше бөлүгунун пландарынан ашыкча аткарылшынан түшкөн каражаттарды бөлүштурүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кенешке ыйгарылсын

.

 8. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чындоо ,алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу , сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

9. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2019-жылдаг айылдык бюджеттин киреш бөлүгү 10400.0 сомго , чыгаша бөлүгү 10400. 0 сомго белгиленсин.

 

10. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Он Эки Бел айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                     

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№28-3

24.12.2020

 

 Айыл аймагындагы физикалык  тараптарадан алынуучу жер салыгынан  женилдик берүү жана кожолуктардан  алынуучу өз ара салыктын өлчөмүн

 бекитип берүү жөнүндө

 Айыл аймагындагы физикалык тараптардан алынуучу жер салыгынан болгон салык төлөмдөрдү жана өз ара алынуучу салыктын өлчөмүн бекитип беруу боюнча Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 50 бернесинин негизинде маселени айылдык кенешинин депутаттары карап жана талкуулап чыгышып Он Эки Бел айылдык кенешинин депутаттары :

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл өкмөтүнүн 2021 -жылга физикалык тараптардан алынуучу жер салыгынан төмөнкү атуулдарга ;

 А) Пенсионерлер 349кожолук

 Б ) Көп балалуу уй бүлөлөр 48кожолук

 Г)Ооган согушунда кызмат кылгандар- 8 кожолук

 Д) Эмгек майыптары 51кожолук

 Е) тоголок жетимдер 1

Жалпы 457 кожолукка женилдик берилсин.

 

 2. Он Эки Бел айылдык кенешинин аймагындагы физикалык тараптардан алынуучу өз ара салыгы ар бир кожолукка өлчөмү 100 (бир жүз ) сомдон болуп бекитилсин.

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык кенешинин экономика бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .

 

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                     

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№28-4

24.12.2020

 

 Он Эки Бел айыл аймагындагы Он Эки Бел

 жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жыл

 ичинде аткарган иштери жана 2021-жылга

 бюджетин бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 55 беренесинин 5 пунктунун талаптарын аткарууга алуу боюнча

Он Эки Бел айыл аймагындагы Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы И.Калмурзаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенешинин сессиясы төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жыл ичинде аткарган иштери жана 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелинсин .

Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата 230 000 сомдук сметалык божомол иш-планы бекитилсин .

АРИС тарабынан келген долбоорлорду туура өз багытында пайдалануу менен дизельдик электрогенератор сатып алуу жайыт комитетине тапшырылсын.

 

Он Эки Бел окмотунун аймагында шарттуу мал башына анын ичинен: кара мал , эчки, жылкы, торпокко-бир сезонго 120 сом . бир айга 20 сом , койго-бир сезонго 84 сом , бир айга 12 сом олчомундо жайыт акысы бекитилсин, жана жайытка чыгуу боюнча график жазда жайытка чыгуу 1-апрелден ,кузундө малдарды коюп жибербөө боюнча көзөмөл жүргүзүү Он Эки Бел жайыт комитетине жүктөлсүн.

 

 Он Эки Бел жайыт комитетинин бирикмесинин төрагасына Калмурзаев Ильяз бир жылга калтырылсын жана жайыт комитетинин эсепчисине азыркы убакта талапкерлер жок болгондуктан жайыт комитетинин ишин алып баруу жагы жайыт комитетинин төрагасы И.Калмурзаевге тапшырылсын.

 

 Он Эки Бел жайыт комитетинин карамагындагы жайыт жерин өз алдынча ээлеп тосмо тоскондорго чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясына тапшырылсын жана жайыт жерин тосуп алып, жайытка мал чыгып жана жайыт жерин ээлеп алып жайыт акы төлөбөй жүргөндөргө чара көрүлсун биринчи жолу жайыт комитети тарабынан эскертүү берилсин кайра кайталанса аксакалдар сотуна өткөрүлсун, эч кандай өзгөрүүсүз калган болсо райондук сотко өткөрүлүп берилсин.

 Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы малчыларга, койчуларга шарттуу мал башына жайыт акысын төлөө элден топтоп алган мал башына жайыт комитетине төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.

Он Эки Бел жайыт комитетинин айыл өкмөтү аркылуу жүргүзүлүп жаткан акча каражаттары толугу менен жайыт комитетине кайтарып берүү жагы Он Эки Бел айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

Он Эки Бел жайыт комитетинин карамагындагы жайыт жерин өз алдынча тоскондорго жайытка таштандыларды таштагандарга 5000 сом, жайыттагы бош жүргөн, эгиндерге жана тосмолорго зыян келтирген кара малдарга 1000 сом, кой- эчкиге-500 сом, жылкы- 5000 сом штраф жана башка жактан малдарды алып келип чогултуп жайытка алып чыккандарга үч эсе жайыт акы , эгерде жайыт акы төкпөсө 5000 сом штраф бекитилсин.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Он Эки Бел айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                     

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№28-5

24.12.2020

 

 Он Эки Бел айыл аймагынын Нарай айылынын

 тургуну Жалалов Сапарбекдин арызы жөнүндө

 Он Эки Бел айыл аймагынын Нарай айылынын тургуну Жалалов Сапарбектин чет мамлекеттен боорун алмаштыруу боюнча тез арада операция жасатуу үчүн айыл өкмөтүнөн акчалай жардам сурап жазган арызы жана врачтардын берген диагноздору менен айылдык кеңешинин депутаттары таанышып чыгышып, айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. Он Эки Бел айыл аймагынын Нарай айылынын тургуну Жалалов Сапарбектин чет мамлекеттен боорун алмаштыруу боюнча операция жасатуу үчүн жардам катары жергиликтүү бюджеттен 40 000 (кырк мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2. Бөлүнүп берилген акча каражатын камсыз кылып берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Пармановага милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышы айылдык кенешинин экономика,бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                     

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№28-6

24.12.2020

 

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга

 социалдык -экономикалык өнүгүү

 программасына киргизилген Он Эки бел

 айылына кичи фудболдук аянтча куруу боюнча

 долбоорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы

 үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө

 Он Эки бел айыл окмөтүнүн 2018-2022-жылдарга социалдык -экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Он Эки Бел айылына кичи фудболдук аянтча куруу пландаштырылган. Бул долбоор мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Он Эки Бел айылдык кенешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Он Эки Бел айыл аймагындагы Он Эки Бел айылына кичи фудболдук аянтчы курууга даяр долбоорго мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымга 121147(бир жүз жыйырма бир мин бир жүз кырк жети) сом акча каражаты ажыратылсын.

2.         Тиешелүү иш кагаздарын , документтерин даярдоо Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К. Турсункуловго милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет , экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                     

 

 

Назад