М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№20-1

26.12.2019

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысы

 К.Турсункуловдун 2019 -жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету, 2020 -жылга карата милдеттери тууралуу

2.

№20-2

26.12.2019

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы , 2020 -жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин жана 2021-2022- жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө

3.

№20-3

26.12.2019

Айыл аймагындагы физикалык

 тараптарадан алынуучу жер салыгынан

 женилдик берүү жана кожолуктардан

 алынуучу өз ара салыктын өлчөмүн

 бекитип берүү жөнүндө

4.

№20-4

26.12.2019

Он Эки Бел айыл аймагындагы Он Эки Бел

 жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-

 жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө

5.

№20-5

26.12.2019

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2019-жылга

 түрткү берүүчү гранттан бөлүнгөн акча

 каражаты жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№20-1

26.12.2019

 

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысы

 К.Турсункуловдун 2019 -жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету, 2020 -жылга карата милдеттери тууралуу

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн  башчысы К.Турсункулов  Кыргыз Республикасынын  "Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын  46-беренесинин 3 пунктун жана 50-беренесинин 2  пунктун  аткарууга алуу  боюнча  2019 -жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчетун  Он Эки Бел айылдык кеңешинин  депутаттары угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн   башчысы К.Турсункуловдун   2019-жылда аткарган иштери  канааттандырарлык деп  табылсын .

2.         Айыл  өкмөтүнүн    2020-жылга кабыл алынган иш-чаралардын негизинде иш алып баруу жана айылдык кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сын-сунуштарды  негизинде иш-чара түзүп аны аткарууга  алуу жагы айыл  өкмөтүнүн  башчысы К.Турсункуловго  милдеттендирилсин .

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                      

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№20-2

26.12.2019

 

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы , 2020 -жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин жана 2021-2022- жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө

        Он Эки Бел айыл   өкмөтүнүн 2018-жылга айыл өкмөтүнүн   бюджетинин аткарылышы, 2020-жылга каралган айыл  өкмөтүнүн   жана 2021-22-жылдарга болжолун бекитуу жөнүндөгү маселени " Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу   жөнүндөгү " Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелуу мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын  Он Эки Бел айылдык кенешинин " Экономика, бюджет, соода жана ишкердуулук " боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган . Кыргыз Республикасынын " Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана жергиликтуу мамлекеттик администрациялар    жөнүндөгү " Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын                                  Он Эки Бел айылдык кенеши         

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1. 2020-жылга Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн    айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 10401,2  сом өлчөмүндө  бекитилсин .

2.         2020-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин тузүүчү  булактары жана чыгашалары боюнча багыттар   № 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.

Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2020-жылга түшкөн  кирешелердин жана гранттардын чегинде , ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегеруу , тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.         Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн    2021-2022 -жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү  № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын .

Кирешенин  болжолу 2021-жылга  10903,5  сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар   2905,1   сом менен) жана 2022 -жылга  11090,7   сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар  2847,1 сом менен) белгиленсин.

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн  2021-2022-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн  болжолу жактырылсын , аларды ар бир конкреттуу мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү  жагы белгиленет.

Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары , мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын .

5.         Атайын каражаттар казыналыктан тышкары ( бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын " Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети  2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү " Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюулары эскертилсин

6.         Айыл  айыл өкмөтүнүн  башчысы төмөнкүлөргө  укуктуу: *

-           Ушул токтомдун 1- беренесинде бекитилген суммалардын чегинде , эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн  азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү  киргизуугө:

ченемдик укуктук актыларды  өзгөртүүсүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө:

киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн  өлчөмүн көбөйтүү  жагын кароо:

  7.2019-жылга айылдык бюджеттин киреше бөлүгунун  пландарынан ашыкча аткарылшынан түшкөн   каражаттарды  бөлүштурүү жана  өзгөртүү  киргизүү  айылдык кенешке ыйгарылсын

.

 8. Жергиликтүү   бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чындоо ,алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу , сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн  башчысы  жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө  алынсын.

9. Он Эки Бел айыл  өкмөтүнүн 2018-жылдаг айылдык бюджеттин киреш бөлүгү 8097,4  сомго , чыгаша бөлүгү       8097,4 сомго белгиленсин.

 

10. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Он Эки Бел айылдык Кенешинин  "Экономика,  бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                     

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№20-3

26.12.2019

 

Айыл аймагындагы физикалык

 тараптарадан алынуучу жер салыгынан

 женилдик берүү жана кожолуктардан

 алынуучу өз ара салыктын өлчөмүн

 бекитип берүү жөнүндө

 Айыл аймагындагы физикалык тараптардан алынуучу жер салыгынан болгон салык төлөмдөрдү жана өз ара алынуучу салыктын өлчөмүн бекитип беруу боюнча Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 50 бернесинин негизинде маселени айылдык кенешинин депутаттары карап жана талкуулап чыгышып Он Эки Бел айылдык кенешинин депутаттары :

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл өкмөтүнүн 2020 -жылга физикалык тараптардан алынуучу жер салыгынан төмөнкү атуулдарга

 А) Пенсионерлер 343 кожолук

 Б ) Көп балалуу уй бүлөлөр 142 кожолук

 Г)Ооган согушунда кызмат кылгандар- 8 кожолук

 Д) Эмгек майыптары 2 кожолук

 Е)тоголок жетимдер

Жалпы 548 кожолукка женилдик берилсин.

 

 2. Он Эки Бел айылдык кенешинин аймагындагы физикалык тараптардан алынуучу өз ара салыгы ар бир кожолукка өлчөмү 100 (бир жүз ) сомдон болуп бекитилсин.

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык кенешинин экономика бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .

 

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                     

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№20-4

26.12.2019

 

Он Эки Бел айыл аймагындагы Он Эки Бел

 жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-

 жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 55 беренесинин 5 пунктунун талаптарын аткарууга алуу боюнча Он Эки Бел айыл аймагындагы Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы И.Калмурзаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенешинин сессиясы төмөндөгүдөй

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга карата 230 000 сомдук сметалык божомол иш-планы бекитилсин .

Он Эки Бел окмотунун аймагында шарттуу мал башына анын ичинен: кара мал , эчки, жылкы, торпокко-бир сезонго 140 сом . бир айга 20 сом , койго-бир сезонго 84 сом , бир айга 12 сом олчомундо жайыт акысы бекитилсин.

 Он Эки Бел жайыт комитетинин карамагындагы Он Эки Бел жайыт комитетинин карамагындагы жайыт жерин өз алдынча тоскондорго, жайыт жерине таштандыларды таштагандарга 5000 сом, жайыттагы бош жүргөн, эгиндерге жана тосмолорго зыян келтирген кара малдарга 1000 сом, кой- эчкиге- 100 сом, жылкы- 5000 сом штраф бекитилсин.

Он Эки Бел жайыт комитетинин карамагындагы МТЗ-82,1 дөнгөлөктүү тракторуну эксплуатациялоо боюнча тарифи бекитилсин.

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жайытка чыгуу боюнча график жазда жайытка чыгуу 1- апрелден . күзүндө малдарды коюп жибербөө боюнча көзөмөл жүргүзүү Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесине жүктөлсүн.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Он Эки Бел айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                     

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№20-5

26.12.2019

 

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2019-жылга

 түрткү берүүчү гранттан бөлүнгөн акча

 каражаты жөнүндө.

 Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түрткү берүүчү гранттан бөлүнгөн 416.700 сом акча каражаты айылдык кенештин бюджет салык жана экономика

боюнча туруктуу комиссиясы тарабынана каралып чыккандыгын эске алып, жалпы кенештин кароосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын " Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" мыйзамынын 27- беренесинин 5 -пунктуна ылайык депутаттардын Он Эки Бел айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Он Эки Бел айыл  өкмөтүнүн 2019-жылга түрткү берүүчү гранттан бөлүнгөн  416,700 сом акча каражатын   айыл аймагындагы айылдарга  муктаждыгына карата  бөлүнүп берилсин.

2.Ушул токтомго карап жергиликтүү  бюджеттин   мекеме-ишканаларынын   финансылык-экономикалык  негиздерин чыңдоо  алардын мамлекеттик каражаттарды максатуу сарамжалдуу  пайдалануусун  камсыз кылуу жагы   айыл  өкмөтүнүн   башчысына   жана   ФЭБ башчысына   милдеттендирилсин.

 3. Ушул токтомду көзөмөлгө  алуу жагы айылдык кенешинин  "Бюджет  салык   жана экономика "    боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                     

 

 

Назад